Маалыматка ылайык, Кемин районунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагында өндүрүштүк база жана ага тиешелүү 1 га жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталды.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы баасы 103 млн 243 миң сомду түзгөн турак үй жана 1 га жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылды.