Кыргызстанда үч айда үй-бүлөлүк зомбулуктун 6 миң 621 учуру катталды
Үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктун 6 миң 621 учуру катталган. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 44 пайызга көп. Бул тууралуу ИИМ маалымат жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн борборлоштурулган порталында келтирилген.