Кыргызстандык окуучулар Алматыдагы олимпиадада үч коло медаль жеңди
Кыргызстандын жаш математиктери профессор Шалтай Смагулов атындагы 6—7-класстардын окуучулары арасында өткөрүлгөн математика боюнча республикалык олимпиадада үч коло медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Агартуу министрилиги билдирди.