Бишкекте Эл аралык йога күнү белгиленди
Бишкекте Эл аралык йога күнү белгиленди. Иш-чара 21-июнда Курманжан датканын эстелигинин жанында өттү.
Бишкекте Эл аралык йога күнү белгиленди. Иш-чара 21-июнда Курманжан датканын эстелигинин жанында өттү.
Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Мозырская көчөсүндө жайгашкан № 131 бала бакчанын кошумча корпусунун курулушу улантылууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Бишкекте өрттөнүп кеткен «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна заманбап маданий борбордун курулушу уланууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарында курулуп жаткан билим берүү объекттерин пландан тышкары текшерди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкектин борборунда кафелерде тынчтык жөнүндө мыйзамдын жана коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салуунун сакталышы текшерилди. Рейдди Биринчи май районунун муниципалдык администрациясы милиция жана санэпидемкөзөмөл кызматкерлеринин катышуусу менен өткөрдү.
Таласта эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата 70 көп батирлүү үйдүн, ошондой эле мамлекеттик мекемелердин имараттарынын фасаддарын оңдоо жана жаңылоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев билдирди.
Кыргызстанда 120 миңден ашык бала биринчи класска катталды. Мындай маалымат 1mektep.edu.gov.kg порталындагы ачык маалыматтарда көрсөтүлгөн.
Бишкектеги көрүстөндөрдүн саны 36га чейин көбөйүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн шаардык кеңештин Турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникация жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында «Бишкек ритуалдык кызмат көрсөтүү агенттиги» муниципалдык ишканасынын директору Кубат Курамаев билдирди.
Бишкек шаарынын Ленин районунун Ички иштер башкармалыгы 1970-жылы туулган, дайынсыз жоголгон Токтошова Гүлсара Сагимовнаны издеп жатат.
Бишкекте «Кара-Куурай» операциясынын алкагында 3 тонна 500 килограмм жапайы кара куурай жок кылынды.
Бүгүн эртең менен Бишкекте кайгуул милиционери чуркоого чыккан кыздар менен бирге Ала-Арча дарыясында калып калган итти куткарып калды. Окуя «Asia Mall» соода борборунун жанында болгон.
Бишкекте кыска убакыттын ичинде мамлекеттик объектилерге жарылуучу заттар коюлганы тууралуу 15тен ашык жалган маалымат түштү. Бул тууралуу борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Бишкекте «Howo» маркасындагы бетон аралаштыруучу жүк ташуучу унаа оодарылып кетти. Кырсык Аалы Токомбаев көчөсүндө, Куттубаев көчөсүнөн болжол менен 200 метрдей аралыкта кечээ, саат 15:00 чамасында болгон.
Бишкекте Түгөлбай Ата көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде жеткирүү кызматтарынын биринин скутери жана Lexus NX үлгүсүндөгү автоунаанын катышуусунда жол-транспорт кырсыгы болду.
Бүгүн, 24-июндан тартып Бишкекте Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилиши жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдирди.
Эртең, 11-июлда күндүз Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.
Эртең, 23-июнда күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жеринде жаан-чачын жаашы мүмкүн.
Эртең, 2-июнда күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт.
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери 7 миңден ашык бир жолку дозадагы синтетикалык баңгизаттын таралышына бөгөт коюп, аны сатууга шектүү жаранды кармашты.