Бишкекте Кайыргүл Сартбаеванын 90 жылдыгына карата эскерүү кечеси өтөт
20-июнда саат 17.00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында кыргыз опера искусствосунун көрүнүктүү өкүлү, СССРдин эл артисти, профессор Кайыргүл Сартбаеванын 90 жылдыгына арналган юбилейлик кече өтөт. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.