Жыл башынан бери 7 миңден ашык үй-бүлө социалдык келишим түздү
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги турмуштук оор кырдаалга туш болгон аз камсыз болгон жана колунда жок үй-бүлөлөрдүн жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган киреше алып келүүчү «Социалдык контракт» долбоорун ишке ашырууну улантууда.