Кыргыз-тажик чек арасында белгилерди орнотуу уланууда
Демаркациялоо боюнча кезектеги иштердин алкагында Кыргызстан менен Тажикстандын тиешелүү түзүмдөрүнүн өкүлдөрү биргеликте Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттик чек аралары кесилишкен чекиттен башталган тилкеге чек ара белгилерин орнотушту.