- В Бишкеке 128 человек обратились по поводу укуса клеща.
- 8 человек (4 взрослых и 4 детей) получили иммуноглобулин против клещевого энцефалита.
- 189 человек вакцинированы против клещевого энцефалита, 5 прошли ревакцинацию.
- Вакцинация проведена среди студентов КНУ и сотрудников организаций.
- Клещевой энцефалит — острое вирусное заболевание, поражающее ЦНС.
Жалпысынан кене энцефалитине каршы 189 адам эмдөөдөн өтсө, алардын бешөө ревакцинациядан (бир жылдан кийин кайра эмдөө) өттү.
Эмдөөгө Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин биология, география, экология жана туризм факультеттеринин студенттери, «НУР Телеком» ЖЧКсынын жана Өзгөчө коркунучтуу карантиндик инфекциялардын алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча республикалык борбордун кызматкерлери өтүштү.
Кене энцефалити — бул борбордук нерв системасын жабыркатуучу курч вирустук инфекциялык оору. Инфекциянын негизги ташуучусу болуп жаратылыш очокторунда жашаган иксод кенелери эсептелет. Оорунун кесепеттери: толук айыгып кетүүдөн баштап, ден соолуктун майыптыкка же өлүмгө алып келүүчү оор бузулууларына чейин жетиши мүмкүн.
Инфекцияланган (вирус ташыган) кене чакканда;
Кенени эзип салганда жана вирус жабыркаган тери аркылуу киргенде.
Жаратылыш аймактарына чыкканда коргоочу кийимдерди кийүү (денеге тыгыз жабышкан, жеңдери узун);
Репелленттерди («Претикс», «Москитол», «ДЭФИ-антиклещ», «Гардекс-антиклещ», «КОМАРОФФ-антиклещ») колдонуу. Каражаттарды колдонуудан мурун нускамасы менен таанышуу зарыл;
Ар бир 1-2 саат сайын денени жана кийимди кылдат текшерип туруу.
4. Өзгөчө (спецификалык) алдын алуу:
Вакцинация — кене энцефалитинен коргонуунун эң натыйжалуу жолу. Ал эндемикалык очоктордо иштеген жана ал жакка бара турган айрым кесиптин ээлерине, ошондой эле КУУнун биология жана геология факультеттеринин студенттерине жасалат.
Иммуноглобулин — кене энцефалити боюнча кооптуу аймактарда кене чагып алгандыгына байланыштуу кайрылган адамдарга берилет.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий