Баткен облусунда бала бакча жана эки медициналык мекеме ачылат
Баткен облусунда бир катар социалдык объекттерди пайдаланууга берүүгө даярдыктар аяктап жатат. Эгемендүүлүк күнүнө карата Кадамжайда жаңы бала бакча, Кызыл-Кыяда Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты жана Караван айылында терапия бөлүмүн ачуу пландалууда. Бул тууралуу президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.