Жыл башынан бери Улуттук банк валюта рыногунда 893,45 миллион доллар сатты
Жыл башынан бери Кыргызстандын Улуттук банкы ички валюта рыногунда 893,45 миллион АКШ долларын сатты. Бул тууралуу журналисттерге КР Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди.