Чолпон-Атада туристтик сезонго карата электробустар ишке киргизилиши мүмкүн
Чолпон-Ата шаарында 10 электробус каттамга чыгаруу пландалып жатат. Бул тууралуу Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигеновдун шаар тургундары менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.