Оюндарга 3 миңге чукул спортчу катышаары күтүлүүдө.

Спортчулардын анкеттик маалыматтары VI Көчмөндөр оюндарынын спорттук программасын өткөрүү Жобосунун талаптарына ылайык, Оюндардын расмий сайтындагы электрондук аккредитациялоо системасы аркылуу келип түшкөн. Буга чейин уюштуруу комитети дүйнөнүн 100 өлкөсүнүн дарегине катышуу үчүн расмий чакырууларды жөнөткөн.

VI Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жөнүндөгү Жобого ылайык, программага спорттун 42 түрү киргизилген. Документ үч тилде даярдалган: кыргыз, орус жана англис тилдеринде. 31-августта спорттук делегациялар VI Көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышындагы өлкөлөрдүн парадына катышышат, анда командалар бирдиктүү улуттук формада чыгууга тийиш.