Немнистик клубдун басма сөз кызматы англиялык форвардка бул абройлуу жеке сыйлык тапшырылганын кабарлады.
Германиянын өткөн чемпионатында Кейн Бундеслигада 36 гол киргизип, жемиштүү сезон өткөрдү. Бул көрсөткүчтүн аркасында Англия курамасынын капитаны Европанын улуттук чемпионаттарынын оюнчулары арасында эң мыкты чабуулчу болду.
Бул жетишкендиктин урматына «Бавария» атайын азем өткөрүп, анда Кейн өз сыйлыгын алды.
33 жаштагы форвард үчүн бул «Алтын бутса» карьерасындагы экинчи сыйлык болуп калды. Ал бул трофейди биринчи жолу мюнхендик клубдун курамындагы дебюттук — 2023/24-жылкы сезонунун жыйынтыгы менен жеңип алган.
Учурда Кейн менен «Бавария» жаңы сезондун башталышына даярданып жатышат. Венсан Компанинин командасы биринчи расмий беттешин 22-августта Германиянын Суперкубогу үчүн оюнда дортмунддук «Боруссияга» каршы өткөрөт.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий