Аскат Жетигендин айтымында, колониянын кызматкерлери мекеменин алдында аны ЖМК өкүлдөрү күтүп турганын билишкен. Ал жетекчилик кандайдыр бир резонанстан качууну чечип, ошондуктан аны эртең мененки текшерүүгө чейин эле абактан алып чыгып кетишкен деп болжолдойт.

«Менин билишимче, колонияда мени басма сөз өкүлдөрү күтөрүн билишкен. Алар кандайдыр бир резонанс жана түрдүү пикирлердин жаралуусунан чочулашты окшойт. Ошондуктан эртең мененки текшерүүгө чейин эле, саат жетиден кийин мени отряд жетекчиси алып чыгып, Чоң Чүй каналына чейин жеткирип койду», — деди акын.

Эске салсак, буга чейин укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Аскат Жетигенди тосуп алуу үчүн туугандары, жакындары жана адвокаты № 27 колонияга саат 8:30да келишкенин кабарлаган. Бирок алар келгенде акын мекемеде жок болуп чыккан. Укук коргоочунун айтымында, туугандарына колониянын башчысы Жетигенди эртең менен эрте өз унаасы менен алып чыгып кеткенин билдиришкен.

Кийинчерээк, анын маалыматы боюнча, Аскат Жетигенди Чоң Чүй каналынын аймагына калтырып кетишкен. Ал жерден аны адвокаты Акынбек Ногоев таап алган.

Аскат Жетиген 2024-жылдын мартында кармалган. Ага массалык башаламандыктарга чакырык жасоо жана бийликти басып алууга ачык чакырык жасоо беренелери боюнча айып тагылган.

2024-жылдын 1-июлунда Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту аны массалык башаламандыктарга чакырык жасоо беренеси боюнча актап, бирок 327-берене боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылга эркиндигинен ажыраткан. Бишкек шаардык соту өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган, ал эми 2025-жылдын мартында чечимди Жогорку сот акыркы ирет ырастаган.

Кармалгандан кийин Аскат Жетиген адвокатына жана сотто УКМК кызматкерлери тарабынан ага карата кыйноолор колдонулганын билдирген. Укук коргоочунун айтымында, бул факт боюнча берилген арыз жыйынтыгында кылмыш ишин козгоого алып келген эмес, ал эми прокуратуранын баш тартуу чечимине коргоо тарап бир нече жолу даттанган.