Мэриянын маалыматы боюнча, объект 2,2 гектар аянтты ээлейт жана заманбап талаптарга ылайык курулган. Жүргүнчүлөр үчүн зарыл болгон бардык шарттар каралган.

Жаңы автовокзалдан күнүнө шаардык жана шаар аралык 53 багыт боюнча 450–453 каттам аткарылып турат.

Мурда иштеп турган автовокзалдын ордуна 750 орундуу заманбап мектеп куруу мүмкүнчүлүгү каралып жатканы белгиленди.