Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда жетишилген стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлин жогору баалайм. Соңку жылдары ал туруктуу жана көп кырдуу мүнөзгө ээ болду. Өлкөлөрүбүздү байланыштырып турган достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн салттары мындан ары да эки тараптуу байланыштарды ырааттуу кеңейтүүгө жана Кыргызстан менен Венгриянын элдеринин кызыкчылыктарына жооп берген жаңы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга бекем негиз болуп берет деп ишенем.
Сизге бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигиңизге ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Венгрия элине тынчтык жана өнүгүү каалайм», — деп айтылат президент Садыр Жапаровдун куттуктоосунда.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий