Фото Башкы прокуратура. Жол куруудагы мыйзам бузуулардан мамлекетке 171 млн сом зыян келди

Маалыматка ылайык, жол тармагындагы бир катар мамлекеттик ишканалар квалификациялык талаптарга жооп бербеген компанияны субподрядчы катары тартып, мыйзамда каралган кепилдиктер жана аткарылган иштерди ырастоочу документтер жок болсо да ага бюджеттик каражаттарды которушкан. Натыйжада каражаттар максатсыз пайдаланылган.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуп жиберүү» беренелери менен эки кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.