Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, түшкөн топурак массасы Каракол дарыясынын нугун тосуп калып, натыйжада суунун агымы багытын өзгөртүп, ички чарбалык жолду жууп кеткен.

Жолдогу кыймыл толугу менен токтоп калган. Капчыгайдын өйдөкү бөлүгүндө 40ка жакын турист, 35 жергиликтүү тургун жана 8 унаа калып калганы кабарланууда.

ӨКМ капчыгайдын аймагында туристтик база жайгашканын, адамдар ошол жерде түнөп калышканын билдирди. Жабыркагандар жок.

Кырсык болгон жерде ӨКМдин Ак-Суу райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу, Жарандык коргонуу кызматтары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү иштеп жатышат. Атайын техниканын жардамы менен жолду тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.