- На 1 июля 2026 года в Кыргызстане насчитывается 8 450 вакансий
- С начала 2026 года трудоустроено 7 106 безработных
- На учете состоят 60 585 безработных, из них 34 317 — молодежь
- 3 451 безработный направлен на профессиональное обучение
- 9 669 человек привлечены к оплачиваемым общественным работам
Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмдөрүндө 60 миң 585 жумушсуз жана жумуш издеген жаран каттоодо турса, анын 34 миң 317си — жаштар. Расмий түрдө жумушсуз деген макамды 37 миң 886 адам алды. Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактагы 14 жаштан 35 жашка чейинки жарандар жаштарга кирет.
Жумушка орноштурууга көмөктөшүү максатында министрликтин адистери жумуш берүүчүлөр менен кадрларга болгон муктаждыкты аныктоо боюнча туруктуу иш алып барууда.
2026-жылдын 1-июлуна карата иш менен камсыз кылуу кызматтарына сунушталган бош жумуш орундарынын саны 16 миң 106ны түздү. Алардын ичинен жумушчу адистиктерине болгон суроо-талап басымдуулук кылды. 2026-жылдын 1-июлуна карата 8 миң 450 жумуш орду бош бойдон калды.
Жарандардын эмгек рыногундагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда. Кесиптик окууга, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга 3 миң 451 жумушсуз жаран жөнөтүлдү. Окутуу эң суроо-талап көп болгон адистиктер боюнча уюштурулду. Алардын ичинде ашпозчу, тигүүчү, 1С программасын билген бухгалтер, чач тарач, автоэлектрик, компьютер оңдоочу адис, электргаз ширетүүчү, слесарь-сантехник, косметолог, массажист, дизайнер жана башка жумуш берүүчүлөр арасында суроо-талапка ээ кесиптер бар.
Убактылуу иш менен камсыз кылуу программаларынын алкагында 9 миң 669 жаран акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга жөнөтүлдү. Бул убактылуу киреше табууга жана эмгек көндүмдөрүн сактап калууга мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, иш менен камсыз кылуу кызматтарына ар кандай маселелер боюнча 77 миң 551 жаран кайрылып, анын ичинен 52 миң 807 адам жумушка орношуу, эмгек мыйзамдары, кесиптик окутуу жана кесип тандоо маселелери боюнча кеңештерди алышты.
Министрлик иш менен камсыз кылуу тармагындагы мамлекеттик кызматтар жашаган жери боюнча акысыз көрсөтүлөрүн эскертет. Жарандар жумушсуз катары катталып, бош жумуш орундарын табууга көмөк ала алышат, кесиптик окуудан өтүп, акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катыша алышат, ошондой эле «Жаштар стажировкасы» программасынан пайдалана алышат.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий