- Министерство водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности дало советы по выбору арбузов.
- Спелый арбуз имеет желтое или кремовое пятно на месте соприкосновения с землей.
- Хвостик спелого арбуза сухой и тонкий.
- Контрастные полосы на корке указывают на зрелость.
- Арбуз должен быть тяжелым для своего размера.
Адистердин айтымында, дарбыздын сапатын жана бышканын сырткы көрүнүшүнөн эле билүүгө болот
Ал үчүн төмөнкү 6 негизги белгиге көңүл буруу зарыл:
Жер тийген тагы: Дарбыздын жерге тийип турган жери сары же крем түстө болсо — ал жакшы бышкан. Эгерде так ак же өтө ачык болсо — анда эрте үзүлгөнүнөн кабар берет.
Сабагы: Бышкан дарбыздын сабагы кургак жана ичке болот. Жашыл жана ширелүү сабак — дарбыздын жетиле электе эле үзүлгөнүн билдирет.
Кабыгындагы сызыктар: Кара-жашыл жана ачык түстөгү сызыктардын контрасты канчалык айкын болсо, дарбыз ошончолук жетилген. Өтө бүдөмүк сызыктар даамынын начар болушу мүмкүн экенин көрсөтөт.
Күрөң тор: Кабыгында майда күрөң сызыктардан турган торчолордун болушу — анда канттын көп топтолгонунан кабар берген жакшы белги.
Чертип көрүү: Дарбызды черткенде «бош» үн чыкса — бышкан. Эгерде кыска жана даңкылдаган үн чыкса — али жетиле элек.
Салмагы: Өзүнүн өлчөмүнө салыштырмалуу оор болгон дарбыздын ичи ширелүү болот. Эгер жеңил сезилсе, анда анын суусу аз жана даамы начар болушу ыктымал.
Бул белгилердин ар бири өзүнчө 100% кепилдик бербеши мүмкүн, бирок сатып алып жатканда жогорудагы белгилердин 3-4ү дал келсе, анда ал дарбызды ишенимдүү түрдө тандасаңыз болот.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий