«Asman Airlines» авиакомпаниясы Алматы — Тамчы — Алматы багыты боюнча эл аралык каттамдардын жайкы сезонун ачты. Бул жылдагы алгачкы каттам 10-июлда «Kompas» туроператору менен биргеликте аткарылды.

«Кыргызстан аба майдандары» ААКнан билдиришкендей, «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Казакстандын түштүк борборунан келген жүргүнчүлөрдү салтанаттуу тосуп алышты.

Компаниянын маалыматы боюнча, жайкы программанын алкагында Алматы — Тамчы — Алматы багыты боюнча каттамдар 2026-жылдын сентябрь айына чейин жумасына эки жолу — дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылып турат.

Бул учуу программасы жайкы туристтик сезон учурунда Казакстан менен Ысык-Көл көлүнүн курорттук аймагынын ортосунда ыңгайлуу аба каттамын камсыз кылууга багытталганы белгиленет.