- 10 июля в 09:00 произошла авария на водозаборе 'ХБО' из-за проблем с электросетью
- Временно прекращена подача воды в районе, ограниченном улицами: Чыгыш ЧЧК, Анкара, Кыдыр-Аке, Оберон, Лев Толстой, Аламүдүн, М. Горький, 7-апрель
- Специалисты проводят ремонтные работы, электроснабжение водозабора отключено
- Организован подвоз питьевой воды муниципальным предприятием 'Бишкексууканал'
Маалыматка ылайык, төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта суу берүү убактылуу токтотулду: Чыгыш ЧЧК — Анкара көчөсү — Кыдыр-Аке көчөсү — Оберон көчөсү — Лев Толстой көчөсү — Аламүдүн суусу — М. Горький көчөсү — 7-апрель көчөсү — Чыгыш ЧЧК.
Учурда адистер абалды иликтеп, авариянын кесепеттерин жоюу иштерин башташты. Калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү тууралуу кошумча маалымат түшкөн сайын жарыяланып турат.
Оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткан мезгилде суу топтомонун электр энергиясы толугу менен өчүрүлөт. Насостук жабдуулар электр энергиясы менен иштегендиктен, бул убакыт аралыгында суу берүү мүмкүн болбойт.
Фото Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы
«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы тарабынан калкка ичүүчү суу ташып жеткирүү уюштурулат.
Ишкана убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана тургундарды кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий