Агенттиктен баса белгилешкендей, инспекциялар учуу коопсуздугунун талаптарын, аба кемелерин техникалык эксплуатациялоону жана авиациялык эрежелердин аткарылышын текшерүүгө багытталат.

Муну менен бирге, «Tez Jet» авиакомпаниясынын каттамдарын убактылуу токтотуу боюнча буга чейин кабыл алынган чечим текшерүүлөр аяктаганга жана окуянын бардык жагдайлары такталганга чейин күчүндө калат.

Эске салсак, 7-июлда «Манас» эл аралык аэропортунда «Tez Jet» авиакомпаниясынын McDonnell MD-83 учагы шассисинин бузулушунан улам абага көтөрүлө албай калган. Бортто экипаж мүчөлөрүн кошкондо 187 адам болгон. Эч ким жабыркаган эмес.

Окуяны иликтөөнү Мамлекеттер аралык авиациялык комитет жүргүзүүдө. Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жүргүнчүлөрдүн, экипаждын жана аба кыймылынын коопсуздугу башкы артыкчылык болуп кала берерин билдирди.

Ведомство текшерүүлөрдүн жыйынтыгы жана кабыл алынган чечимдер тууралуу кошумча маалымат берүүнү убада кылды.