- Министрлер кабинети кагаз жана картон калдыктарын экспорттоого убактылуу тыюу салды.
- Тыюу алты айга белгиленди.
- Чектөө транзит жана гуманитардык жардамга тиешелүү эмес.
- Токтом расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Чектөө дагы жарым жыл бою күчүндө болот.
Документке ылайык, ЕАЭБ ТЭИ ТН 4707 коду менен классификациялануучу регенерациялануучу кагазды жана картонду (макулатура жана калдыктар) Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга (транзитти, ошондой эле министрлер кабинети тарабынан берилүүчү гуманитардык жардамды кошпогондо) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленди.
Тийиштүү мамлекеттик органдарга белгиленген тартипте кабыл алынган токтомду аткаруу боюнча тапшырмалар коюлду.
Документ расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий