- Токтогульская ГЭС закупает оборудование на 26,4 млн сомов
- Закупается элегазовый выключатель 500 кВ для открытого распределительного устройства
- Оборудование должно быть выпущено не ранее 2026 года
- Срок службы оборудования не менее 40 лет, гарантия производителя не менее 5 лет
- Участники тендера должны иметь опыт поставки аналогичного оборудования
Компания гидроэлектростанциянын ачык бөлүштүрүүчү түзүлүшү үчүн чыңалуусу 500 киловольт болгон сыртта орнотулуучу элегаз өчүргүчүн сатып алууну көздөп жатканы такталды. Жабдуу кыймылдаткычы, тирөөч металл конструкциялары жана коштолуучу кызматтары менен бирге болушу керек. Ал Токтогул ГЭСинин электр энергиясын магистралдык энергосистемага өткөрүүчү 500 киловольттук бөлүштүрүүчү түзүлүштө иштөөгө багытталган.
Техникалык тапшырмага ылайык, жаңы — 2026-жылдан эрте эмес чыгарылган жабдуу жеткирилиши шарт. Жабдуунун эсептелген кызмат мөөнөтү 40 жылдан кем эмес болушу зарыл. Өндүрүүчүнүн кепилдиги кеминде 5 жылды түзүшү керек.
Тендердин катышуучулары сатып алуунун баасынан кем эмес суммага ушундай эле жогорку чыңалуудагы жабдууларды жеткирүү тажрыйбасын далилдеши керек. Ал эми камсыздоочу өзү өндүрүүчү болбосо — заводдун расмий авторизациясын (уруксат кагазын) көрсөтүүсү абзел.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий