Борбор калаанын ИИББинен билдиришкендей, Свердлов райондук ИИБне жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 28-июнда саат 17.30 чамасында анын 15 жаштагы кызы коомдук транспортто арткы орундукта бараткан. Аялдын айтымында, жанында отурган эркек киши мектеп окуучусунун санына колун тийгизген.

Бул арыз Маалыматтарды эсепке алуу журналына катталып, андан соң тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн аныкташкан. Ал 35 жаштагы Б.А. болуп чыкты, ал андан аркы тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн кармалган.

Бишкек шаардык ИИББи шаар тургундарын ар кандай укукка каршы аракеттер, өзгөчө алардын курмандыктары балдар болгон учурлар тууралуу токтоосуз түрдө милицияга кабарлоого чакырат. Муну сутка бою иштеген 102 номери аркылуу ишке ашырууга болот.

Тартип сакчылары ошондой эле ата-энелерге балдары менен коомдук жайларда коопсуз жүрүм-турум эрежелери тууралуу көбүрөөк сүйлөшүүнү жана мүмкүнчүлүккө жараша алардын жүрүү багыттарын көзөмөлдөөнү сунушташат.