Бишкекте 23 миңге жакын бала окууга кирди. Алардын ичинен 12 миң орун кыргыз тилинде окуткан класстарга, 10,8 миңден ашыгы орус тилиндеги класстарга таандык. Борбор калаада 3,5 миң орун бош турат.

Республика боюнча 2026/2027-окуу жылына каралган квоталардын жалпы саны — 192,3 миң. Анын ичинен дагы 76 миң орун бош.

Биринчи класска электрондук каттоо 1-апрелде башталган. Биринчи этап кичи райондор боюнча жүргүзүлгөн, ал эми учурда катталган дареги боюнча эмес, бош орундары калган мектептерге гана катталууга болот.

Биринчи класска 2019 — жана 2020-жылдары туулган балдар кабыл алынат.