Анда Бишкек мэриясы кесилиштеги имараттын дубалы «Джубили Кыргызстан» камсыздандыруу компаниясынын демилгеси менен кооздолгонун билдирген.

Уюмдун директору Валерия Хегай бир нече күн мурун мурал жаңыланарын кабарлаган. Ал шаардын борборун кооздой турган дубал сүрөтүнүн эскизин жарыялады. Сүрөттүн темасы өзгөрүүсүз калат — «Кызыл алма» кино чыгармасы.

«Бул дагы бишкектиктерге жана борбордун конокторуна жагат деп үмүттөнөм. Азырынча бул эскиз, бирок Сейидан Акуновдун кесипкөйлүгү жана «KYZart group» командасынын аркасында ал иш жүзүндө да ушундай сонун болоруна ишенем! Жаңысынын маанайы бир аз башкача. Буга чейинки мурал биз менен 4 жыл бою турду», — деди Хегай.