Райондун аймагын текшерүү учурунда жапайы кара куурай өскөн тилкелер табылган. Андан соң милиция кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аны жок кылуу иштерин уюштурушкан.

Жалпысынан курамында баңгизат бар 10 тоннага жакын өсүмдүк чабылып, өрттөлдү.

Милициядан калк арасында баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы багытталган алдын алуу жана түшүндүрүү иштери улантылып жатканын белгилешти.