- Омбудсмен Жамиля Жаманбаева обратилась в Генпрокуратуру и МВД с просьбой провести проверку по заявлению Р.А.
- Бывший муж А.К. после развода в 2019 году забрал детей и не давал их видеть матери.
- Ленинский районный суд Бишкека в 2020 году постановил передать дочерей матери, Верховный суд в январе 2026 года оставил решение в силе.
- А.К. скрывает младшую дочь, за неисполнение решения суда возбуждено уголовное дело, на него надет электронный браслет.
- 13 мая 2024 года Р.А. нашла дочь в частной школе, но судебный пристав и милиция позволили бывшему мужу забрать ребенка вопреки решению суда.
Арыздануучунун айтымында, мурдагы күйөөсү А.К. 2019-жылы ажырашкандан кийин балдарын алып кетип, жолугуштурбай койгон. 2020-жылы Бишкек шаарынын Ленин райондук соту кыздарды апасынын кароосуна өткөрүү чечимин чыгарып, 2026-жылдын январында Жогорку сот бул чечимди күчүндө калтырган. Бирок, А.К. кичүү кызын бүгүнкү күнгө чейин жашырып келет. Сот чечимин аткарбагандыгы үчүн ага кылмыш иши козголуп, электрондук билерик тагылган.
Фото Акыйкатчылыктын басма сөз кызматы. Акыйкатчы балдар жана аялдардын укугун коргоого чакырды
Үстүбүздөгү жылдын 13-майында Р.А. кызын Бишкектеги жеке мектептердин биринен таап, ал жерге сот аткаруучуну жана милицияны чакырган. Бирок Свердлов районунун сот аткаруучусу М.Т. жана милиция кызматкерлери мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечимине карабай, мурдагы күйөөсүнө кызды алып чыгып кетүүгө жол беришкен.
Мындан улам Жамиля Жаманбаева Башкы прокуратурага жана ИИМге кайрылып, Р.А.нын арызы боюнча текшерүү жүргүзүүнү сунуштады. Ал бул окуяга тиешеси бар сот аткаруучулардын, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жана башка жооптуу кызмат адамдарынын аракеттерин тез арада иликтөөгө жана аларга укуктук баа берүүгө чакырды.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий