Фото Өзбекстандын футбол ассоциациясы. Өзбекстан курамасы үчүн дүйнө чемпионаттарынын тарыхындагы алгачкы голду жарым коргоочу Аббосбек Файзуллаев киргизди.

Оюн Мехикодогу (Мексика) «Ацтека» стадионунда өттү. Беттешти Энтони Тейлор (Англия) баштаган калыстар тобу тейледи.

Оюнда эсепти 40-мүнөттө Луис Диас берген пастан кийин колумбиялык коргоочу Даниэль Муньос ачты. Экинчи таймда өзбекстандык жарым коргоочу Аббосбек Файзуллаев эсепти теңеди. Бирок бир нече мүнөттөн кийин Луис Диас колумбиялыктарды кайрадан алдыга чыгарды. Оюндун аягында жарым коргоочу Хаминтон Кампас Колумбия курамасынын үчүнчү топту киргизди. Жыйынтыктоочу эсеп — 3:1, Колумбиянын пайдасына чечилди.

Эскерте кетсек, «К» тайпасында Өзбекстан менен Колумбиядан сырткары Португалия жана Конго курама командалары дагы бар.

2026-жылдагы дүйнө чемпионаты АКШ, Канада жана Мексикада 11-июндан 19-июлга чейин өтүп жатат. Дүйнөнүн азыркы чемпиону — Аргентина курама командасы.