Документте белгиленгендей, согуштук аракеттерди токтотуу жана Ормуз кысыгын ачуу каралган. Меморандумга электрондук форматта кол коюлуп, ал күчүнө кирди.

АКШ президенти Дональд Трамп документке Франциянын башчысы Макрон менен кечки тамактануу учурунда кол койгонун Axios басылмасы жазып чыкты. Документке кол коюлушу Тегеран менен Вашингтонго сүйлөшүүлөрдү баштоого жол ачат.

«Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Багаи Ирандын АКШ менен меморандумунун тексти расмий түрдө соңуна чыкканын, анткени эки тарап тең ага кол койгонун билдирди», — деп айтылат Иран Ислам Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттары тараткан билдирүүдө.

Меморандумдун текстинде төмөнкүдөй жоболор камтылган:

Согуштук аракеттерди токтотуу: Бардык согуш талааларында, анын ичинде Ливанда согуштук аракеттерди биротоло токтотуу. Тараптар мындан ары бир-бирине каршы эч кандай согуш же аскерий операцияларды баштабоого, күч колдонуудан же күч колдонуу коркунучунан карманууга жана бир-биринин, ошондой эле Ливандын аймактык бүтүндүгүн жана суверенитетин камсыз кылууга милдеттенишет.

Сүйлөшүүлөрдүн мөөнөтү: Тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана өз ара макулдашуу боюнча узартуу мүмкүнчүлүгү менен эң көп дегенде 60 күндүн ичинде акыркы келишимге жетишүүгө милдеттенишет.

Блокаданы алуу жана аскерлерди чыгаруу: Меморандумга кол коюлгандан кийин дароо АКШ деңиз блокадасын алууну баштайт жана аны 30 күндүн ичинде толугу менен токтотот. Ушул эле мөөнөттө алар өз аскерлерин Иранга түздөн-түз жакын жайгашкан аймактардан чыгарып кетүүгө милдеттенишет.

Ормуз кысыгы аркылуу өтүү: Иран Перс булуңунан Оман булуңуна коммерциялык кемелердин 60 күнгө чейинки мөөнөткө коопсуз жана акысыз өтүүсүн камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. Коммерциялык кемелердин кыймылы дароо башталат жана 30 күндүн ичинде калыбына келтирилет.

Иранды калыбына келтирүү: АКШ аймактык өнөктөштөрү менен биргеликте Иранды калыбына келтирүү жана экономикалык өнүктүрүү боюнча суммасы 300 миллиард доллардан кем эмес планды иштеп чыгууга милдеттенет.

Санкцияларды жоюу: АКШ акыркы келишимдин алкагында макулдашылган график боюнча Иранга каршы санкциялардын бардык түрлөрүнүн аракеттерин токтотууга милдеттенет.

Өзөктүк курал: Иран өзөктүк куралды албай турганын же иштеп чыкпай турганын ырастайт. Тараптар топтолгон байытылган материалдарды тескөө маселесин эки тарап тең макулдаша турган механизмге ылайык жөнгө салууну макулдашышты.

Статус-квону сактоо: Акыркы келишим түзүлгөнгө чейин тараптар статус-квону сактоого милдеттенишет.

Мунай экспорту: Меморандумга кол коюлгандан кийин жана санкциялар жокко чыгарылганга чейин АКШнын Каржы министрлиги Ирандын чийки мунайын, мунай продуктуларын жана алардын туундуларын экспорттоого уруксаттарды берет.

Активдерди тоңдуруудан чыгаруу: АКШ меморандум ишке ашырылгандан кийин Ирандын тоңдурулган активдерин тоңдуруудан чыгарууга милдеттенет.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши: Акыркы келишим БУУнун Коопсуздук Кеңешинин милдеттүү резолюциясы менен бекитилет.

Эске салсак, АКШ менен Иран жаңжалды жөнгө салуу тууралуу 15-июнда жарыялашкан. АКШ президенти 17-июнда америкалык тарап өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга 48 сааттын ичинде кол койорун билдирген. Мындан кийин тараптар Ирандын өзөктүк келишими жана башка маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү башташы керек.