Маалыматка ылайык, кышка даярдыктын алкагында керектөөчүлөрдү ишенимдүү, үзгүлтүксүз жылуулук жана электр энергиясы менен камсыздоого багытталган пландуу оңдоо иштери жүрүп жатат.

Оңдоо өнөктүгү станциянын негизги жана көмөкчү жабдууларын, ошондой эле ишкананын имараттары менен курулмаларын камтыйт. Пландаштырылган иш-чараларды аткаруу жылытуу мезгилиндеги максималдуу жүктөмдөрдөн өтүүдө энергетикалык жабдуулардын техникалык даярдыгын камсыз кылууга мүмкүндүк берээри айтылды.

Алдыда аткарыла турган иштердин планы:

Казан агрегаттары: № 12, 14 жана 23 казан агрегаттарын оңдоо, ошондой эле № 16 казан агрегатын учурдагы оңдоодон өткөрүү каралган.

Турбиналык жабдуулар: Беш турбоагрегатты (№ 5, 8, 9, 10 жана 11) учурдагы оңдоодон өткөрүү пландаштырылган. Мындан тышкары, 2025-жылы башталып, үстүбүздөгү жылга өткөн № 7 турбоагрегатты капиталдык оңдоо иштери аяктайт.

Энергоблоктор жана жылуулук берүү: № 3 жана № 4 энергоблокторду учурдагы оңдоодон өткөрүү, ошондой эле станциянын жылуулук берүүчү жабдууларын оңдоо каралган.

Бардык оңдоо иштери бекитилген мөөнөттөргө жана өндүрүштүк пландарга ылайык аткарылып жатканын мэриядан маалымдашты.