Маалыматка ылайык, театр сезонун драматург Жалил Садыковдун «Төлгө» спектакли менен жыйынтыктайт.

Спектакль көрүүчүлөргө адам тагдыры, руханий баалуулуктар жана жашоонун маңызы тууралуу терең ой калтырган чыгарма катары сунушталат.

Театрдын көркөм жетекчиси — КР эмгек сиңирген артисти Албина Имашова, директору — КР эл артисти Асылбек Өзүбеков.