- 34-летний гражданин Кыргызстана Эрмек Сабыржанов задержан 22 мая в аэропорту Эсенбога в Анкаре.
- Омбудсмен Кыргызстана Жамиля Жаманбаева направила письмо турецкому омбудсмену Мехмету Акарже с просьбой защитить права задержанного.
- Задержанный следовал рейсом Бишкек-Анкара-Северный Кипр с женой и тремя детьми.
- Родственники не могут получить информацию о причинах и обстоятельствах задержания.
- Жаманбаева также обратилась в МИД Кыргызстана для оказания консульско-правовой помощи.
Маалыматка ылайык, 34 жаштагы Эрмек Сабыржанов үстүбүздөгү жылдын 22-майда Анкара шаарындагы «Эсенбога» эл аралык аэропортунан кармалган. Ал Бишкек — Анкара — Түндүк Кипр аба каттамы аркылуу жубайы жана үч баласы менен бара жаткан.
Кармалган жарандын жакындары акыйкатчы Жамиля Жаманбаева менен жеке жолугушуп, анын укуктарын коргоп берүүгө көмөктөшүүнү өтүнүшкөн.
Жаманбаева эки өлкөнүн Акыйкатчы институттарынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумуна таянуу менен, түркиялык кесиптешине кыргыз жаранынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого көмөк көрсөтүүнү суранды.
«Кармалган жарандын жакындары бүгүнкү күнгө чейин анын эмне себептен жана кандай жагдайда кармалганы боюнча так маалымат ала албай, кабатыр болуп жатышат. Адвокат аркылуу жолугушуу уюштуруу аракеттеринен дагы азырынча жыйынтык чыга элек», — деп айтылат акыйкатчынын катында.
Ошону менен бирге Жамиля Жаманбаева Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине дагы кат жолдоп, Эрмек Сабыржановдун укуктарын коргоо үчүн анын жакындарына чукул арада консулдук-укуктук жардам көрсөтүү зарылдыгын белгиледи.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий