«Учурда ал күбө катары көрсөтмө берүүдө. Тергөө амалдары жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда укук коргоочу кайсы иш боюнча көрсөтмө берип жатканы такталбайт.

Буга чейин укук коргоочунун кызы Гүлшайыр Абдирасулова апасын Ноокен РИИБне алып кетишкенин билдирген. Ал эми укук коргоочу Динара Ошурахунова Азиза Абдирасулованын артынан аңдуу жүргүзүлгөнүн айтып, укук коргоо органдарынын бул аракеттерине тынчсыздануусун билдирген.