Эл аралык форумда Кыргызстандын атынан «Фаворит-Алатоо» питомнигинин тайгандары катышты. Бул тукум боюнча дүйнө чемпионаты 6-июнда өттү. Мелдешке Аргентинадан келген FCI эксперти Мигель Анхель Мартинес калыстык кылды.

Кыргызстандык эки ит тең жогорку баага татып, өз класстарында жеңүүчү болушту. «Фаворит-Алатоодон» Бермет аттуу тайган чемпиондор классында жеңишке жетсе, Фаворит-Алатоо Ай Пери интермедиа классында эң мыкты деп табылды.

Фото 24.kg Тукумдун эң мыкты өкүлүн аныктоочу акыркы сыноонун жыйынтыгында Бермет 2026-жылдын Дүйнө чемпиону наамын багындырды жана ошол эле учурда Италиянын чемпиону болду. Иттин биргелешкен ээси — москвалык Андреана Блинова. Кыргызстандын дагы бир өкүлү — Фаворит-Алатоо Ай Пери дүйнөнүн вице-чемпиону аталды.

Бул кыргыз тайгандарынын дүйнөлүк деңгээлдеги биринчи ийгилиги эмес. 2023-жылы Ай Пери аттуу тайган Женевада (Швейцария) өткөн көргөзмөдө дүйнө чемпиону болуп, Швейцариянын чемпиону наамын жана Женеванын Гран-присин утуп алган. Бүгүнкү күндө ал дүйнөдөгү эң көп титулга ээ тайгандардын бири болуп саналат.

«Фаворит-Алатоо» питомнигинин ээси жана багуучусу Эсенгельды Мукеев учурда питомник тайгандар арасында эки дүйнө чемпиону жана бир дүйнөнүн вице-чемпиону титулуна ээ экенин белгиледи.