Маалыматка ылайык, жол тилкелеринин туурасы алардын техникалык категориясына жараша белгиленет жана I–V категориядагы жолдор үчүн 32 метрден 12 метрге чейин аныкталат.

Фото Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы. Нарындагы айланма жол 20-июнга чейин жабылды

Ошондой эле жол жээгиндеги коргоо тилкелери коопсуздукту камсыз кылуу жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү максатында өзүнчө режимде корголот.

Мыйзамга ылайык, бул аймактарга жол кыймылынын коопсуздугу үчүн зарыл болгон жол сервисинин объекттерин гана (аялдамалар, токтоо аянтчалары, эс алуу жайлары ж.б.) жайгаштырууга уруксат берилет.

Белгиленген тартипти бузуу менен тургузулган бардык курулуштар жана объекттер мыйзамсыз деп таанылып, жол ээлери тарабынан аларды буздуруу иштери жүргүзүлөт. Келтирилген чыгымдар мыйзам бузган тараптардын эсебинен өндүрүлөт.