Футбол боюнча 23-дүйнө чемпионаты 2026-жылдын 11-июнунан 19-июлуна чейин өтөт. Мелдеште тарыхта биринчи жолу 12 себетке бөлүнгөн 48 курама команда ойнойт.

Плей-оффко ар бир группадан экиден жеңүүчү, ошондой эле үчүнчү орунду ээлегендердин ичинен эң мыкты сегиз курама команда чыгат. Жалпысынан рекорддук 104 матч өткөрүлөт.

Катышуучулардын саны көбөйгөндүктөн, чемпионаттын форматы да кыйла татаал болуп калды. Буга чейин (1998-жылдан 2022-жылга чейин) жөнөкөй болчу: 32 команда 8 топко бөлүнчү. Кийинки баскычка ар бир топтон эң күчтүү эки команда чыгып, утулган эки команда үйүнө кайтчу.

Быйылкы трнирдин алкагындагы оюндарга 48 курама команда катышып, алар төрттөн командадан турган 12 тайпага бөлүнөт.

АКШда беттештер Атланта, Бостон, Даллас, Хьюстон, Канзас-Сити, Лос-Анджелес, Майами, Нью-Йорк, Филадельфия, Сан-Франциско жана Сиэтл шаарларында болот. Мексикадан Гвадалахара, Мехико жана Монтеррей, ал эми Канададан Торонто жана Ванкувер шаарлары катышат