Садыр Жапаровдун башка бир жарлыгы менен Алтынбек Рысбеков Энергетика министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал буга чейин энергетика министринин орун басары кызматын аркалап келген.

Алтынбек Рысбеков Энергетика министрлигине келгенге чейин өлкө боюнча электр энергиясын өткөрүүгө жооптуу болгон «Кыргызстан улуттук электр тармагы» (УЭТК) ААКын жетектеген. Жогорку кызматка, тактап айтканда, энергетика министринин орун басарлыгына 2025-жылдын сентябрь айында Министрлер кабинетинин төрагасынын тескемеси менен дайындалган.

Рысбеков Энергетика министрлигинде тармактык долбоорлордун ишке ашырылышын көзөмөлдөп, жаңы энергетикалык объекттерди, анын ичинде чакан гидроэлектростанцияларды куруу боюнча сүйлөшүүлөргө катышкан.

Ачык булактардын маалыматы боюнча, Алтынбек Рысбеков 1978-жылдын 6-июнунда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда туулган.

Таалайбек Ибраев Энергетика министрлигин 2022-жылдын октябрь айынан бери жетектеп келген.