Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Италиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрмек Өмүралиев бул өлкөнүн тышкы саясий ведомствосунун Өнүктүрүү боюнча кызматташтык башкы директору Стефано Гатти менен жолугушту.

Фото ТИМ. Кыргызстан менен Италия Бишкекте өтө турган Глобалдык тоо саммитине даярдыктарды талкуулашты

Тараптар айыл чарба тармагындагы биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүнү жана 2027-жылы Бишкекте өтө турган экинчи Глобалдык тоо саммитине даярдыктарды талкуулашты. Ошондой эле агрардык сектордогу жана Кыргызстан үчүн башка артыкчылыктуу багыттардагы долбоорлорду каржылоо келечегин, ошондой эле «Борбордук Азия — Италия» форматындагы техникалык көмөк көрсөтүү программаларын координациялоо маселелерин карашты.