Анын айтымында, 2025-жылы өлкөгө 10 миллионго жакын турист келген, ал эми туризм тармагынын экономикага кошкон салымы 1 миллиард доллардан ашат.

Эдуард Кубатов бул оң динамика Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин ишмердүүлүгү менен камсыз кылынып жатканын белгиледи. Учурда бул сектор республиканын ИДПсынын 5 пайыздан ашыгын түзөт жана жакынкы жылдарда бул көрсөткүчтү 7,5 пайызга чейин жеткирүү пландалууда.

Мамлекеттик агенттиктин башчысы ошондой эле Кыргызстандын Европа биримдигинин аба мейкиндигине кирүүгө тыюу салынган кара тизмесинен чыгышы бул тармактын өнүгүшүнө кошумча түрткү берерин баса белгиледи.

«Кыргызстандын «кара тизмеден» чыгарылышы — бул эң сонун окуя. Бул Кыргызстандан Европа мамлекеттерине түз авиакаттамдарды уюштурууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат жана туристтердин агымынын көбөйүшүнө жана республикада туризмдин өнүгүшүнө түздөн-түз таасирин тийгизет», — деди ал.