Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:30да башталат. Ошондой эле, күйөрмандар үчүн 18:30дан тарта стадиондун аймагында атайын шоу-программа уюштурулат.

Белгилей кетсек, Палестина курама командасына каршы бул беттештер Кыргызстандын улуттук курама командасынын 2027-жылдагы Азия Кубогуна даярдыгынын маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Буга чейин, 6-июнда курама командалар кез келип, оюн 0:0 эсебинде тең чыгуу менен жыйынтыкталган.