Фото Архивден алынды. Сезим Жуманазарова Orka Wrestling League күрөш лигасы менен келишимге кол койду

Orka Wrestling League АКШда жайгашкан жана дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген спортчулардын катышуусунда күрөш боюнча профессионалдык турнирлерди өткөрүү менен алектенет.

Учурда лига сегиз эл аралык команданы бириктирип турат. Балбандар келишимдер менен чектелбейт жана башка профессионалдык лигаларда да катарлаш чыга алышат.

Лиганын сайтында маалымдалгандай, OWL спорттун атаандаштык духун жана маданий тамырларын сактап калуу менен бирге, аны глобалдаштырууну жана модернизациялоону көздөйт. Уюм ошондой эле спортчулардын бакубаттуулугуна жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурат.