Атайын техника «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын өз каражатынын эсебинен 181,6 миллион сомго сатылып алынган. Кийинчерээк ал республика боюнча электр тармактар ишканаларына бөлүштүрүлөт. Жеткирилген техникалардын катарында экскаватор-жүктөгүчтөр, автогидрокөтөргүчтөр, чиркегичтүү тягачтар, прицептер жана ыкчам-чыгуучу бригадалар үчүн унаалар бар.

Иш-чаранын жүрүшүндө Эрлист Акунбеков жаңы атайын техникалар менен таанышып, алардын электр тармактарынын ишенимдүү иштешин камсыздоодо, ошондой эле авариялык кырдаалдарды ыкчам жоюуда маанилүү ролду ойной турганын белгиледи. Мындан тышкары, ага энергетика тармагында ишке ашырылып жаткан санариптик долбоорлор тууралуу маалымат берилди. Алсак, аткаминер дата-борборго барып, анын техникалык мүмкүнчүлүктөрү, учурдагы ишмердүүлүгү жана келечектүү өнүгүү багыттары менен таанышты.

Мындан тышкары, 2026-жылдын ичинде кран-манипулятордук түзүлүшү бар дагы сегиз бирдик техника сатып алуу пландаштырылууда, муну менен жаңыланган техниканын жалпы саны 49га жетет.

Эскерте кетсек, 2025-жылы энергетика тармагын чыңдоо максатында 379,1 миллион сомго 140 бирдик атайын техника сатылып алынып, өлкө боюнча электр тармактар ишканаларына бөлүштүрүлгөн.