«Манас» эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов тосуп алды.
Расмий сапардын алкагында Беларустун премьер-министри Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугушат, бир катар документтерге кол коюу күтүлүүдө.
Мындан тышкары, Александр Турчиндин бир катар ишканаларга баруусу жана кыргыз-беларусь бизнес-форумунун ачылышына катышуусу пландалууда.
Источник: 24.kg