Ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков сөз сүйлөп, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы маданий байланыштардын маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин Кинематография башкы башкармалыгынын башкы директору Бирол Гүвен куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ал мындай маданий долбоорлор эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.

Эске салсак, Түрк киносунун күндөрү 7-июнга чейин уланат.