- Кыргызстан избран непостоянным членом Совета Безопасности ООН на 2027-2028 годы.
- За Кыргызстан проголосовали 142 государства, за Филиппины — 42.
- Это достижение позволяет Кыргызстану участвовать в обсуждении и принятии решений по вопросам безопасности и мира.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында Кыргызстанды 142 мамлекет колдоп, атаандашы болгон Филиппин 42 добуш алды.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, бул Кыргызстан үчүн эл аралык аренадагы маанилүү жетишкендик болуп саналат. Эми өлкө дүйнөдөгү коопсуздук, тынчтык жана эл аралык кризистерге байланышкан маселелерди талкуулоого жана чечим кабыл алууга катышат.
Мындан тышкары, Кыргызстан өзүнүн кызыкчылыктарын дүйнөлүк деңгээлде илгерилетип, эл аралык аброюн жана саясий салмагын арттырууга мүмкүнчүлүк алат.
Белгилей кетсек, БУУнун Коопсуздук Кеңеши дүйнөдөгү тынчтык жана коопсуздук маселелери боюнча негизги чечимдерди кабыл алган эң маанилүү эл аралык органдардын бири болуп эсептелет.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий