23-майда Ленин районунун Ички иштер башкармалыгына анын эжеси А.М. арыз менен кайрылып, инисинин жүргөн жерин аныктоого жардам берүүнү суранган.

Маалыматка караганда, 2026-жылдын 8-майында эртең мененки саат 10:00 чамасында Анарбек уулу Улукбек Бишкек шаарынын Леваневский көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Учурда анын кайда экени белгисиз.

Арыз ээсинин айтымында, анын жанында узак убакытка жок болорун көрсөткөн эч кандай документтери же жеке буюмдары болгон эмес.

Чачы: кара, спорттук стилде кыркылган.

Ак футболка, кара шым жана кара кроссовка.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Анарбек уулу Улукбек акыркы жолу 2026-жылдын 10-майында эжеси менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү аныкталган. Ошол чалуудан кийин ал кайра байланышка чыккан эмес.

Изделип жаткан жарандын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар катышуучулардан Бишкек шаарынын Ленин районунун ИИБне же төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуну суранабыз: