Эгер бала кесип тандоого даяр болсо, төмөнкү сунушталган ыкмаларды колдонсо болот:

1) Кесипке багыт берүүчү тесттерден өтүү

Кесип тандоого жардам берген акысыз жана акы төлөнүүчү тесттер бар. Акысыз тесттер сизге так кесипти атап бербейт, бирок кайсы тармактар сизге көбүрөөк ылайыктуу экени тууралуу суроолорго жооп бере алат. Акы төлөнүүчү тесттер болсо сизге туура келген бир нече кесипти көрсөтүп бере алат, себеби анын жыйынтыгын профориентолог адис талдап, маанисин түшүндүрүүгө жардам берет.

Бул толугу менен «аналогдук» ыкма. Ал компьютердик тесттердин катышуусуз, тажрыйбалуу психолог-профориентологдун жардамы менен ишке ашат жана бир гана так кесипти тандоо менен аяктайт. Анткени туура тандалган кесип бирөө гана болот. Бул үчүн чынында эле тажрыйбалуу жана акылдуу профориентолог керек, ошондуктан мындай кызмат абдан сейрек кездешет.

3) Кесипкөй адистердин тажрыйбасын үйрөнүү

Атаңыздын же апаңыздын жумушуна барып, алардын кандай иштей турганын, кесиптештерин жана иш процесси кандай уюштурулганын көрүңүз. Жаккан жокпу? Анда андан ары издеңиз. Ошондой эле интернетте ар кыл адистер өз жумушу тууралуу айтып берген видеолор абдан көп. Ошол аркылуу баарын өз көзүңүз менен көрүп, сезе аласыз.

4) Ар кандай ийримдерде жана секцияларда өзүңүздү сынап көрүү

Ар кыл багыттагы ийримдерге катышуу менен сиз өзүңүздү иш жүзүндө сынап көрөсүз жана бул нерсе сизге ылайыктуубу же жокпу, дароо түшүнөсүз.

5) Жогорку окуу жайлардын «Ачык эшиктер күнүнө» баруу

Мунун зыяны тийбейт. Бирок бир нерсени эсиңизге тутуңуз: ЖОЖдор өздөрү да кээде студенттерди ким кылып окутуп жатканын толук биле бербейт. Аларда да көп учурда реалдуулук менен байланыш үзүлүп калат. Ал эми реалдуу жашоо абдан жандуу жана алдын ала айтууга кыйын. Анын аркасынан бүтүндөй бир университеттин жетишиши кыйын. Кантсе да, айрымдары аракет кылышат жана аларда жашоонун талабына жооп берген факультеттер менен адистиктер бар.